Музейдеги феминисттердин иш чарасына Роза Отунбаеванын тиешеси барбы? Министрдин жообу

Музейдеги феминисттердин иш чарасына Роза Отунбаеванын тиешеси барбы? Министрдин жообу

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда министр Азамат Жамангулов маалымат жыйында билдирди.

Жамангулов 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи “Кормилица” деп аталган Эл аралык заманбап искусство көргөзмө Феминалле боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Бул көргөзмөнүн авторлорунун алдын ала ойлогон максатына ылайык аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу болгон. Негизинен иш-чаранын максаты туура болгон. Бирок ошол күндө өткөрүлгөн план туура эмес тандалып калган», — деди министр.

Азамат Жамангуловго журналисттер тарабынан ошол күнү мурдагы президент Роза Отунбаева да иш-чарада болгонун эске салышып, аталган көргөзмөгө Отунбаеванын дагы тиешеси барбы? деген собол салышты.

«Роза Исаковнанын бул иш-чарага тиешеси жок. Ал ошол күнү көргөзмөнү гана көрүү үчүн келсе керек», — деп жооп берди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>