Футбол. Мьянма Кыргызстандан 7:0гө утулуп калгандан кийин машыктыруучусун кызматтан алды

Футбол. Мьянма Кыргызстандан 7:0гө утулуп калгандан кийин машыктыруучусун кызматтан алды

Мьянманын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу, черногориялык адис Миодраг Радуловичти кызматынан четтеттилди. Ал Мьянманын футбол боюнча курама командасы Кыргызстандан утулуп калгандан кийин ишинен алынган. Мындай чечимди аталган өлкөнүн Футбол федерациясы кабыл алган.

2022-Дүйнө жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунда анын жетекчилиги менен команда 3 беттеш өткөрүп, үчөөндө тең утулган.

Fox Sports Asiaнын маалыматына ылайык, 51 жаштагы Радулович менен ушул жылдын апрель айында футбол боюнча Мьянманын курама командасына 2 жылдык тренерлик кылуу келишими түзүлгөн.

«Федерация Радулович тренерлик кылган акыркы матчтарга анализ жүргүзүп, аны менен түзүлгөн 2 жылдык келишимди токтотуу чечими кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.

Миодраг Радуловичтин ордуна Мьянманын футбол боюнча курама командасына башкы теренерликти немис адиси Антуан Хей колго алат. Буга чейин Хей Кения, Либерия, Лесото, Гамбиянын футбол боюнча курама командаларын машыктырып келген.

Эскерте кетсек 10-октябрда Бишкекте Кыргызстан курамасы Мьянманы 7:0 эсебинде утуп алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>