Мыйзамсыз жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунаа кармалды

Мыйзамсыз жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунаа кармалды

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунаа Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.           

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында кармалган. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 432 088 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн ЭККМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: интернеттен алынды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>