Нарын шаарына илинген Турдакун Усубалиевдин сүрөтү башка болуп чыкты

Нарын шаарына илинген Турдакун Усубалиевдин сүрөтү башка болуп чыкты

Нарын шаарындагы  борбордук көчөлөрдүн бирине Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата илинген сүрөт талкууга түштү.

Анда көчөдөгү банерге Усубалиевдин эмес мурдагы транспорт министри Кыдырма Орозалиевдин сүрөтү коюлуп калган.

Туура эмес илинген сүрөт социалдык тармактарга жарыяланып, интернет колдонуучулардын талкуусуна алынды. Мындан улам Нарын шаардык мэриясы сүрөттү алмаштыруу тапшырмасын берген.

Reporter.kg агенттиги аталган сүрөттү интернеттен издеп көрүп, аны буга чейин  айрым басылмалар Турдакун Усубалиевдин сүрөтү катары колдонуп келгенин байкады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>