Нарында 40 жаштагы жаран 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө

Нарында 40 жаштагы жаран 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө

Нарын облусунун Кочкор районунда 40 жаштагы жаран 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Маалыматты Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 1-августка караган түнү саат 01:23 чамасында болгон.

«Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын тургуну арыз менен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Жабырлануучу 19 жаштагы Т.к.Н. аттуу кызын 40 жаштагы К.у.А. аттуу жаран зордуктайм деп жаткан убакта бөлмөгө кирип, аны сүйрөп чыкканын айткан. Шектүү качып кетти деп маалымат берген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилет”, – деп жазылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>