Нарында койлор жапырт кырылып жатканы боюнча Экотехинспекциянын жообу

Нарында койлор жапырт кырылып жатканы боюнча Экотехинспекциянын жообу

Нарында койлор жапырт кырылып жатканы боюнча Экотехинспекциянын жообу

Экотехинспекциясы кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы сууну жана топуракты текшерди. Бул тууралуу жергиликтүү «ГовориТВ» басылмасы жазып чыкты.

Аталган мекеменин Тоо-кен башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетовдун билдиргенине караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы таза чыккан.

“Инспекциянын өкүлдөрү ошол аймакта кен иштеткен “Jhong ji Mining” компаниясын текшерүүгө барабыз. Мурдагы анализ боюнча топурак менен суу таза чыккан. Бул жерде Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын да жумушу. Адам фактору да болушу мүмкүн», — деген ал.

Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылган видеолор тараган. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жатканына байланыштуу клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгиси аныкталбаганын билдирген. Өлгөн малдан анализ алынганда этинде нитрат жана мышьяк бары аныкталган. Мунун негизинде малдар ууланып өлүп жатканы боюнча болжолдуу диагноз коюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>