•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
КООМ

Нарында линиясыз бараткан троллейбус соцтармак колдонуучуларын таң калтырды (видео)

Нарын шаарына жакын жердеги тоо арасындагы жолдо бараткан троллейбус социалдык түйүндүн колдонуучуларын таң калтырууда. “Инстаграмдагы” my_naryn баракчасына жүктөлгөн видеодон, троллейбустун эч кандай линиясыз жүрүп баратканын көрүүгө болот.

Видеонун алдына айрымдар, Нарын шаарында бул кадимки көрүнүш экенин жазышса, айрымдар электр энергиясыз кантип жүрөрүнө кызыгышкан.

Айта кетсек Нарын шаарында троллейбусттук каттам 1994 жылы ачылган. Учурда 3 троллейбус шаар элине кызмат көрсөтүп келет.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *