Нарында жер силкинди

Нарында жер силкинди

29-август күнү саат 14:31 чамасында Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды.  Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Эпкин айылынан түндүк-батышындагы 5 чакырым алсытыкта, Чаектен түндүк-чыгышыка карай 15 чакырым аралыкта болду.

Ал эми Байбиче-Тоо тоо кыркасында, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3 баллга, Ак-Бейит, Терек айылдарында 2,5 баллга сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>