НАТОго мүчө 29 өлкөнүн лидерлери уюмдун 70 жылдыгына карата Лондонго чогулду

НАТОго мүчө 29 өлкөнүн лидерлери уюмдун 70 жылдыгына карата Лондонго чогулду

НАТОго мүчө 29 өлкөнүн лидерлери уюмдун 70 жылдыгына карата Лондонго эки күндүк саммитке чогулду.

Мааракелик саммитке Франция, Түркия жана Кошмо Штаттар ар кыл карама-каршы көз караштары менен келди. АКШнын президенти Дональд Трамп уюмга мүчө өлкөлөрдү коргонуу чыгымын жогорулатууга, жалпы чыгашаны тең көтөрүүгө чакырып келет. Саммиттин алдында француз президенти Эммануэл Макрон Европа мындан ары Кошмо Штаттардын коргоосуна ишеним арта албай турганын айтып, НАТОнун «мээси өлүп баратканын» билдирген. Ага чейин уюмдун мүчөсү болгон Түркия Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алып жатканы үчүн өнөктөштөрү тарабынан сынга кабылган.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг акыркы кездеги карама-каршылыкка жана чыңалууга карабастан, НАТО тарыхтагы эң ийгиликтүү уюм экенин белгиледи. Ал Лондондогу саммиттин алдында быйыл Европа мамлекеттери менен Канада аскердик чыгымын 4,6 пайызга көбөйтө турганын билдирген. Бул өлкөлөр 2016-жылдан 2020-жылга чейин коргонууга 130 миллиард доллар бөлсө, 2024-жылга карата бул сумма 400 миллиард долларга жетиши керек.

Столтенбергдин айтымында, НАТО жакынкы жылдары «Программа 30» деп аталган планды ишке ашырууга ниеттенип жатат. Ага ылайык, уюм жаңжал чыккан учурда 30 күндүн ичинде кошумча 30 аскердик кеме, 30 авиациялык эскадрилия жана жөө аскерлердин 30 батальонун толук аскердик даярдыкка жеткириши керек.

Түндүк атлантикалык келишим уюмун 1949-жылы АКШ, Канада жана 10 европалык өлкө советтик экспансияга каршы туруу максатында негиздеген. Азыркы учурда ага 29 мамлекет мүчө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>