•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРИНТЕРВЬЮМАКАЛАЛАР

Назира Айтбекова: Алсыз эркек гана аялга кол көтөрөт

Журналист, алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчалары аркылуу түркүн-түрдүү ойлорду жазып келет. Айтбекованын ар бир жазган билдирүүсү коомчулуктун талкуусуна алынат. Ал басымдуу билдирүүлөрүн үй-бүлөлүк жашоосуна арнап, дайыма аялдарды өзүн сүйүүгө чакырат. Назира айым менен акыркы мезгилде коомдун олуттуу көйгөйүнө айланган, үй-бүлөдөгү аялга карата жасалган зордук-зомбулуктар тууралуу маек курдук.

Учурда коомдо эң талылуу көйгөй аялдарга болгон зордук-зомбулук кайдан келип чыгып жатат?

Бугүнкү күнү коомдо көйгөй катары оркоюп чыгып жаткан аялдарга болгон зомбулук көрүнүштөрү, 2020-жылдын келиши менен үрөйдү учурган окуялардын катталып жатканы бул албетте өкүнүчтүү. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук биздеги түркөйлүктөн, караңгылыктан, билимсиздиктен келип чыгып жатат. Эгерде адам билимдүү болгондо, «көздүн көрүүсү гана эмес, көкүрөктүн дагы туюму болгондо мындай окуялардан оолак болот белек» деген ой келет.

Азыр чынында эч ким китеп окубай, өзүнүн жеке өсүүсүнө да салым кошпой жатканы өкүнүчтүү. Менимче бул көрүнүш 90-жылдардан бери келе жатат окшойт. Ошол жылдары Советтер Союзу жаңы тарап, өлкө өз алдынчалыкка өтүп, оош-кыйыш учурда эл кыйналып, билимге анча деле умтулбай, ар ким өзүнүн камын ойлоп, эл жапырт базарга чуркабады беле. Ошол учурдагы каралбай калган балдардын, билим албай калган окуучулардын абалынын натыйжасы эми чыгып жатат. Азыркы учурда ар кимибиз өз балдарыбызга билим берүүнүн аракетинде жүрөбүз, жада калса өзүбүз дагы «чуркайлы, окуйлу, өзүбүзгө салым кошолу» деп жүрөбүз. Кудай буюрса, 20 жылдан кийин балдарыбыз чоңойгондо бул иштер жакшы жыйынтыгын, мөмөсүн берет деп ишенем.

Жогорку Кеңештин кебетесин көрдүңөр. Эл өкүлдөрү биздин кыргыз элинин тандалып алынган бир бөлүгү. Алар элдин күзгүсү. Биздин эл кандай болсо ошол Жогорку Кеңеште чагылдырылып жатат. Эгер парламентте отургандар эки сөздүн башын кошуп окуй албай жатса, демек жөнөкөй карапайым элдин билим деңгээли андан да төмөн дегендин белгиси. Ошондуктан билим алуу керек. Билимсиз зордук-зомбулук күчөй берет деген пикирдемин.

Жаңы жылга киргенибизге 10 күн эле болду, бирок күйөөсүнүн зомбулугунан 2 аял каза болуп, бир аял жабыркады. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш дегенге кандай карайсыз?

Чынында эле карап отурсак, илгертен бери эркектер аялдарды сабап келет. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын, мисалы жөнөкөй эле “Ак кемени” алалы. Анда Орозкулдун аялын сабаганы бар жана башка да чыгармаларды алып көрсөң, сөзсүз түрдө эркектин аялга болгон зомбулугун окуйсуң. Биздин чоң аталарыбыз чоң энелерибизди, андан кийин аталарыбыз апаларыбызга кол көтөргөнүн, урганын деле көрүп чоңойгонбуз.

Тээ илгертен “эркек аялды сыйлап келген”, деп айтылат. Бирок мен эс тарткандан бери эле ушул нерселердин бардыгы эсимде: тегеректеги кошунанын балдарынын чырылдап ыйлаганы, түнү менен аялдарын ур-токмокко алганы… Айылда деле ошол, «баланча баланчаны сабап атыптыр» деген сөз бизде кадыресе эле көрүнүш сыяктуу. Аа… сабап аткан турбайбы… дегендей эле нерсе болчу. Азыр эми интернет айдыңы жакшы жайылып, токмоктон өлүп калып жаткан аялдардын аты чыга баштаганда ойгонуп, «аялдарды сабап аткан турбайбы?» деген маселе көтөрүлүүдө. Болбосо ур-токмоктон канча аял өлдү? Ур-токмоктон канча деген аялдар оорукчан болду? Бул коомдун көйгөйүн биз илгертен жаап-жашырып келе жатабыз. Уруш-талаш болсо, «кокуй, элге чыкпасын! Эл эмне дейт? Жең ичинен эле бүтүрөбүз! Куда-кудагыйлар бири-бирибиз менен сүйлөшүп, элге шерменде болбойлу» деп кыргызчылык менен бүтүрөбүз. Эч качан бизде аялдардын укугун коргоо болгон эмес.

“Эл эмне дейт?”. «Душман көзүнө бул нерсени жабышыбыз керек, мындай кылышыбыз керек, тигиндей кылышыбыз керек» дейбиз. Жаап-жашырып олтуруп биздин жарабыз ириңдемек түгүл тим эле сөгүбүздөн чучукка чейин чаап баратат. Эгер бул жараны дарылабасак, анда мунжу болуп калышыбыз ыктымал. Ошон үчүн кайра-кайра коңгуроо кагылып, кыйкырып, үнүбүздү бийик чыгарып жатканыбыз ушул. Бул көйгөйдү эч качан каныбызга сиңип калган мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карабашыбыз керек. «Биздин көзүбүз көнгөн «дегенибиз болбойт, биз заманды, адаттарыбызды өзгөртүп, «каныбызга жаңы кан кошчу» мезгил келди.

Эмне себептен биздин эркектер аялга кол көтөрөт, адат кылып, эрдик көрүшөт?

Эркектер качан кол көтөрөт? Өзүн алсыз эсептегенде. Эч качан күчтүү эркек өзүнөн алсыздарга күчүн көрсөтүп, өзүн көтөрмөлөбөйт. Ал өзү ичинен күчтүү экенин билет. Көңүлүндө, көкүрөгүндө жарасы бар, психикалык жактан жабыркаган адам гана өз аялына кол көтөрөт.

Бул кол көтөрүп аткан адамдарды психикалык жактан изилдей турган болсок, көкүрөгүндө жарасы бар адам алсыздардан күчүн чыгараарын түшүнөбүз. Бул жакта ата-эненин тарбиясы дагы өтө маанилүү. Аялга кол көтөргөн адам кичинекей кезинде ата-энеси тарабынан заар тилди угуп калган балдар. Алар психикалык жактан жабыркап, «сен эч ким эмессиң, баланчанын баласы эле кыйын, сен эч нерсе билбейсиң» деген кекээр менен чоңойгон. Анан өзүнүн кыйын экенин көрсөткүсү келгенде өзүнөн алсыздардан күчүн чыгарат. Алсыздарды сабаганда, басынтканда өзүн өөдө сезет. Бул психикалык жол, аны психологдор жакшы билет. 

Эркектердин мындай кадамга барышына мүмкүн аялдардын күнөөсү бардыр?

Аялдар тим эле «сүттөн акпыз» дегенден оолакмын. Эркектердей эле аялдар да ар кандай. Алардын ичинде да ошондой көкүрөгүндо жарасы барлар кезигет, ошондой комплекстери да болот. Кайсыл бир жактан балким өзү «тилин тишине ката албай», эркекти ошол нерсеге жеткирип жаткан болушу да мүмкүн. Биз аялдар сезимтал келебиз. Биздин эмоциябыз өөдө-ылдый болуп турат. Эч качан эркектер менен ачык сүйлөшпөйбүз, «ичибиздеги нерсени тапса, оюбузду өзү билсе» дейбиз. Эркектер таптакыр башкача жаралган, ал эми биз башкачабыз.

Чындыгында аял-эркек эки башка планета. Андыктан аялдар ички сезимдерин айтып, жолдошуна түздөн-түз оюн айтышы зарыл. Эркелегиси келсе «эркелегим келип жатат» деп айтуудан эч тартынбаш керек. Көңүлүндө кандай нерсени каалап жатса, күйөөсү менен ачык диологго барышы зарыл. Бирок биз анте албай жатабыз.

Мисалы мен жеке өзүм психологдор менен иштешем. Ар кандай психологиялык китептерди көп окуйм. Журналист катары ар кыл катмардагы адамдар менен сүйлөшөм. Кааласаң, каалабасаң дагы өзүң писихолог болуп бүтөсүң. Ошол үчүн бул нерселер бизге тааныш. Ал эми бул карапайым элге тааныш эмес. Ошол үчүн ар бир билдирүүмдө ушуну жеткиргенге, жалпак тил менен чайнап бергенге аракет кылам. Албетте муну оңой кабыл алуу оор, бирок бара-бара элдин кулагы, аң-сезими көнө баштайт деп ойлойм. Биринчи өзүбүздү таанысак, анан дүйнөнү тааныйбыз. Азыр өзүбүздү өзүбүз тааный албай жатпайбызбы?…

Сизге социалдык тармак аркылуу көп айымдар кайрылат экен. Аларга кандай кеңеш бересиз?

Социалдык тармак аркылуу мага күндө ар кандай тагдырга туш келгендер кайрылышат. «Назира эже, жардам бериңиз, эмне кылам? Жол көргөзүңүз? Үйдө күйөөм сабап атат. Жолдошум башка менен жүрүп кетти. Кайын энем менен батышпай, өлгүм келип жатат» дегендери да бар. Эми мага келген каттын түрлөрү көп. Ошолордун ичинен иргеп, анализ жүргүзүп, анан жеке оюмду жазам. Мен оюмдан чыгарып эле жаза бербейм, мен чындыкты жазам.

“Өзүңдү сүймөйүн, өзгөнү сүйүп жарыта албайсың” деген кеп бар. Мен ошону элге жеткире албай жатам. Бизде кенедей жаш кыздарга «сен күйөөө тийишиң керек, окуп эмне кыласың, аял киши казан-аяк университетине тапшырат» деп кеңеш берге түркөйлүк бар. Анан кыздар «эрге тийсем жыргайт экенмин» деп тийип алып, төрөп, алты-жети баланы ээрчитип алып каякка бараарын билбеген жаш келиндер көп. Ата-энелери: «Кой, сени эрден чыкты деген эмне? Эл эмне дейт? Сен алты балаң менен ким батырат?» – дешет. Ушундай тагдырга туш болуп, ара жолдо калган келиндерди катары да арбын. Ошол үчүн кыз-келиндерге «эгерде ишенген нерсең жок болсо эрге тийбе. Өзүң бутуңа турушуң керек, эч кимге ишенбешиң керек, өзүңө гана ишен! Билим ал, бир кесиптин ээси бол!», деп дайыма айтам.

Негизи эле аялы-күйөөсү үйбүлөнүн очогун кантип уруш-талашы жок кармап калса болот?

Бизде күйөө күйөөлүгүн, аял аялдыгын көргөзгөн учурда жана ар ким өзүнүн жолун, өз ордун билгенде үйдө талаш-тартыш болбойт деп ишенем. Жеке оюмда «Мен аялмын. Мен кадимки алсыз аял болгум келет. Мен эркектер менен такыр теңтайлашкым келбейт. Менин жанымда эгер күчтүү мырза боло турган болсо, анда мен өзүмдү алсыз сезип, анын койнунда эркелегим, чыныгы аял болгум келет», – деп айткым келет.  

Бирок күйөөсү бар аялдар күйөөңөрдүн эркек болуусуна уруксат бергиле, алардын жумушун талашпагыла. Колуңардан келсе дагы “алым келбей жатат жаным, ушуну жасап берип койчу”- деп айтканы туура, аял киши айлакер болушу зарыл.

“Аялдын амалы кырк эшекке жүк” – деп бекеринен айтылбаса керек. Эгер эркектин жанында бардык оокатын колунан талашып, даңкылдап турган болсоңор анда эркек: “менин деле керегим жок турбайбы?”- деп башка алсыз аялды издей баштайт деп ойлойм.

Эркек дагы эркектигин билип, күчтүү болушу керек.  Аял ошондо өзүнө алсыз сезгенге мүмкүндүк болот.

Бул көйгөйдөн кантип арылабыз?

Көйгөйдү ар ким өзүнөн издеш керек. Элдин көйгөйүн чечкенге аракет кылбай, өзүбүздүн көйгөйдү өзүбүз оңдой берсек эле коом өзгөрүлө баштайт. Коом деген биз, өзүбүзбүз.  Башканы оңдоп эмне кереги бар? Өзүңдү оңдо, болду! Мен дагы өзүмдү оңдой баштадым, өзүмдүн үстүмдөн иштей баштадым. Акыркы 3-4 жылдан бери Назира аябай катуу өзгөрдү, жашоого болгон көз карашы өзгөрдү. Бул өзгөрүүлөрүм өзүмдү абдан кубандырат. Ошон үчүн ар бир адамга: «Башка бирөөнү өзгөрткөндү эмне кыласың? Өзүңдү эле өзгөртө бер! Коомго кошкоң салымың ошол» деп айтат элем.

Зордук-зомбулукка кабылып жаткан айымдарга сиздин кеңешиңиз.

Суранам айымдар! Билим алгылачы! Бир кесиптин ээси болгула. Жүрөгүңөр менен кеңешкиле. Ар бир кыз күйөөгө тиерден мурда өзүн даярдаш керек деп ойлойм. Даяр эмес болуп, күйөөгө тийсең, аны да бактысыз кыласың, өзүн да бактысыз болосуң. Даяр бол! Мен мисалы бир турмушту көрдүм. Ошентсе дагы азыр өзүмдү турмушка даяр эмесмин деп эсептейм. Балким турмуш куруп кала турган болсом, ага өзүмдү даярдашым керек.

Маектешкен: Наргиза Өмүрбек кызы

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *