“NewTV” телеканалынын журналистине кол салуу болду

“NewTV” телеканалынын журналистине кол салуу болду

“NewTV”  телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков менен оператор Калыбек Абдумомутовго, айдоочу Курсантбек Мартикеевге кол салуу болду. Бул тууралуу телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда журналисттер Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Ак-Ордо конушуна мыйзамсыз орнотулган объектилерди тартуу үчүн барышкан.

Мыйзамсыз жайдын ээси алардын колундагы камерасын талкалап, унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>