“NewTVнын” директору Бакиевдер тууралуу тасма боюнча түшүндүрмө берди

“NewTVнын” директору  Бакиевдер тууралуу тасма боюнча түшүндүрмө берди

“NewTV” телеканалынын директору Нурлан Шакиев өзүнүн телеканалында көрсөтүлгөн Бакиевдерди жактаган тасма боюнча түшүндүрмө берди.

“Тасманын ичинде эч кандай саясат жок. Болгону ал Бакиевдин балалык чагы, окуучулук күндөрү, классташтары менен мамилеси тууралуу тасма. Аны Бакиевдин классташтары дарядап берген. Ар кандай тагдырлар болот да, биз аларды көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн укугубуз чектелүү эмес. Бул жерде биз, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргойлу, коомго бүлүк салалы деген ойюбуз болгон эмес. Биздин телеканал жеке болгон үчүн эч кимди колдобойбуз.

РЕПОРТЕР агентигинин, “NewTV” телеканалы Бакиевдер менен жакындыгы бар деген кептер канчалык деңгээлде чын?»  деген суроосуна:

“Буга чейин да, бул тасманы көрсөтөрдө да Бакиевдер менен эч кандай байланышыбыз болгон эмес. Бизди буга чейин Икрам Илмияновго, Асылбек Жээнбековго, Раим Матраимовго  жабышыштырышды. Эми Бакиевдерге жабыштырып жатышат. Эртең Атамбаевге жабыштырса таң калбайм”,  — деди Шакиев.

Ал эми УКМКнын басма сөз өкүлү Кубан Арзыкулов телеканалдарга жарыяланган тасмага юридикалык баа азырынча берилбей турганын айтты.

“Биз бүгүн эскертүү билдирүүсүн тараттык. Мен азырынча юридикалык жагы караларын толук айта албайм, балким каралат же эскертүү менен эле чектелебиз”, — деди Арызыкулов.

30-июль күнү “NewTV” жана «НурТВ» телеканалдарында мурдагы президент Курманбек Бакиедин туулган күнүнө карата аны жактаган куттуктоо тасмалары көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу УКМК атыйын  эскертүү билдирүү таратып, ЖМКлар коомдо тирешүүгө алып келе турган маалыматтарды таратуудан оолак болсун деген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>