Ойнош болчубуз! Ысык-Көлдө 29 жаштагы аялды сабады делген адам өз версиясын айтты

Ойнош болчубуз! Ысык-Көлдө 29 жаштагы аялды сабады делген адам өз версиясын айтты

Ысык-Көл облусунун  Бактуу-Долоноту айылынын 29 жаштагы тургуну Нурсалима Советбекова таанышым сабап, көл жээгине таштап кетти деп милицияга кайрылган.

Бул окуя боюнча облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов териштирүү жүрүп жатканын айткан.

Советбекованын арызында аты аталган Бактуу-Долоноту айылынын 1983-жылы туулган тургуну Азиз Жүзүмалиев Turmush басылмасына өз версиясын айтып берди.

Басылмага жарыяланган видеодо Азиз Жүзүмалиев Нурсалиманы зордуктабаганын, аны менен ойнош катры 3 ай жашап жүргөнүн айткан.

30-ноябрда пикир келишпестиктен улам уруша кеткенбиз,. «Уй-бүлөң менен ажыраштырам» деп шантаж кылып баштады. Ошондон бери мени каралап  100 миң сом бересиң, 70 миң сом бересиң деп жатат. Ага чейин менин үстүмдөн зордуктады жана сабады деп арыз жазган. Эч кандай зордуктоо болгон эмес, мага жалган жалаа жаап жатат”, — деген ал.

Буга чейин Нурсалима Советбекова Kaktus.media сайтына кайрылып, август айында Азиз аттуу адам аны 3 ай бою зордуктап келгенин жана андан боюнда болгонун айткан. Ошондой эле жергиликтүү милиция Азизге эч кандай чара көрбөй жатканын кошумчалаган.

Бул боюнча облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов, арыз ээсинин “Азиз мени 3 ай бою сабап, зордуктап келди” дегени тергөө учурунда далилденбегенин билдирди.

“Анын милиция эч кандай чара көрбөй жатат дегени жалган. Биз анын арызынын негизинде териштирүү жүргүзүп, күбөлөрдү суракка алганбыз. Анын жыйынтыгы менен кылмыштын белгилери далилдеген жок”, – деген Усубакунов.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>