•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Окурман: Новопавловкада көчөнүн, турак үйлөрдүн короолоруна чейин суу каптап жатат – сүрөттөр

Сокулук районундагы Новопавловка айылында көчөнүн тең жарымына чейин суу каптап, турак үйлөрдүн короолоруна чейин суу толуп жатат. Бул тууралуу REPORTER.KG маалымат агенттигине окурман билдирди.

Сүрөттө көрүнүп турган Бишкекке кирип келе жаткан негизги көчөлөрдүн бири болуп саналат. Жаан, кар жааган сайын көчөнү суу каптап кетет.

«Кечээтен бери жааган суу кардын кесепетинен бүгүн минтип көчөгө, үйлөрдүн короолоруна чейин суу толуп калды. Жаан жаагандан кийин суу агып кете турган жол жээгинде арык жок», – деди окурман.

Новопавловка айылынын тургундары өткөн жылдын 3-майында дагы биздин редакцияга кайрылып, өкмөт бул көйгөйдү чечип бербей жатканын айтышкан.

 

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *