Окурман: Новопавловкада көчөнүн, турак үйлөрдүн короолоруна чейин суу каптап жатат — сүрөттөр

Окурман: Новопавловкада көчөнүн, турак үйлөрдүн короолоруна чейин суу каптап жатат — сүрөттөр

Сокулук районундагы Новопавловка айылында көчөнүн тең жарымына чейин суу каптап, турак үйлөрдүн короолоруна чейин суу толуп жатат. Бул тууралуу REPORTER.KG маалымат агенттигине окурман билдирди.

Сүрөттө көрүнүп турган Бишкекке кирип келе жаткан негизги көчөлөрдүн бири болуп саналат. Жаан, кар жааган сайын көчөнү суу каптап кетет.

«Кечээтен бери жааган суу кардын кесепетинен бүгүн минтип көчөгө, үйлөрдүн короолоруна чейин суу толуп калды. Жаан жаагандан кийин суу агып кете турган жол жээгинде арык жок», — деди окурман.

[su_image_carousel source=»media: 18355,18356,18357″]

Новопавловка айылынын тургундары өткөн жылдын 3-майында дагы биздин редакцияга кайрылып, өкмөт бул көйгөйдү чечип бербей жатканын айтышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>