Ондон ашуун саясатчы Курсан Асанов боюнча Сооронбай Жээнбековго кайрылышты

Ондон ашуун саясатчы Курсан Асанов боюнча Сооронбай Жээнбековго кайрылышты

Кыргызстандын ондон ашуун белгилүү саясий жана коомдук ишмери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда алар ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Кой-Таш окуясы учурунда туура иш жасаганы, мыйзам бузбаганын айтышкан.

Кайрылуу катка Өмүрбек Текебаев, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Кубатбек Байболов ж.б. 15 адам кол койгон.

Курсан Асанов 8-август күнү Атамбаевдин кармоо операциясында “милициянын кызыкчылыгын сатты” деп,  13-август күнү ээлеген кызматынан бошотулган.

27-августта ал үй камагына алынып, анын мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылган.

Башкы прокуратура Асановко “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы  далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деген айып таккан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>