Ооганстандын Калат шаарындагы жардыруудан 20 адам мерт болду

Ооганстандын Калат шаарындагы жардыруудан 20 адам мерт болду

Бейшемби күнү эртең менен Ооганстандын Зубал провинциясындагы Калат шаарында атайын кызматтын жана оорукана имаратынын алдында мина коюлган автоунаа жарылды. Бул тууралуу аталган провинциянын губернатору Рахматулла Ярмал билдирди.

Анын айтымында, жардыруудан улам кеминде 20 адам мерт болуп, дагы жүзгө жакыны жаракат алды.

Жергиликтүү Tolo News телеканалынын билдиришинче, Кандагар шаарынан чакырылган тез жардам унаалары жаракат алгандардын көбүн аталган аймактагы жеке ооруканага алып кетти. Облустук кеңештин жетекчиси Атта Ян Хакбаян өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин, куткаруу иштери дагы эле уланып жатканын кабарлады.

«Талибандын» расмий өкүлү Кары Юсуф Ахмади бул кол салууну аталган кыймыл уюштурганын ырастап, чабуул Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгына каршы багытталганын билдирди.

Өткөн аптада Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр токтотулган.

Андан кийин Ооганстанда 48 адамдын өмүрүн алган эки жардыруу болуп, алар үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>