Оор илдетке кабылгандар пенсияны мөөнөтүнөн мурда ала алат

Оор илдетке кабылгандар пенсияны мөөнөтүнөн мурда ала алат

Онкологиялык илдетке чалдыккандар пенсиянын топтолмо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Залалдуу шишик илдетине чалдыккан, өмүрүнө коркунуч жараткан дартка кабылган Кыргызстандын жарандары пенсиянын топтолмо бөлүгүн белгилегенген убакыттан мурда алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Буга ылайык, өкмөт оор делген илдеттердин тизмегин түзөт. Ага биринчи кезекте онкологиялык оорулар жазылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>