Орусия 1-майга чейин чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салды

Орусия 1-майга чейин чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салды

Орусия 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарды өлкө аймагына кирүүгө тыюу салды.

Премьер-министр Михаил Мишустин мындай чечимди кабыл алардан алдын Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен талкуулаганы орус өкмөтүнүн расмий сайты жазды.

Убактылуу бул чектөө товар ташыган ири автоунаалардын айдоочуларына, дипломаттарга жана Орусияда туруктуу жашаган  адамдарга тиешелүү эместиги айтылат.

Соңку маалыматтарга караганда, Орусияда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктургандардын саны 90 адамдан ашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>