Орусия ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн сынак 2-мартка чейин уланат

Орусия ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн сынак 2-мартка чейин уланат

Орусия өкмөтү 2020-2021-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн бөлгөн гранттык орундарга документтерди кабыл алууну улантып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмелерди кабыл алууну Кыргызстандагы Орусия кызматташтык агенттиги EDU.RS.GOV.RU (https://future-in-russia.com/) порталында 2-мартка чейин жүргүзөт.

Билим берүү жана илим министрлиги эскертет: Орусия кызматташтык агенттиги бюджеттик орундар үчүн гана талапкерлерди кабыл алууда, алар башка ортомчу уюмдар менен кызматташпайт. Кандайдыр бир сый акы үчүн анкетаны толтуруп берүүнү көздөгөн ортомчу же алдамчылардан этият болууга чакырат. Документтерди тапшыруу акысыз жана онлайн режимде жүрөт.

Квота боюнча окууга тандоо эки этапта жүргүзүлөт:

биринчи этапты Кыргызстандагы Орусия кызматташтык агенттиги өткөрөт;

экинчи этапты Орусиянын Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайлары менен чогуу өткөрөт.

Тандоо сынактарына катышуу үчүн эмне керек?

  1. EDU.RS.GOV.RU (https://future-in-russia.com/) порталында катталуу.
  2. Жеке (папсорттук) маалыматтарды системанын талабы боюнча туура толтуруу.
  3. http://russia-edu.ru/ порталына ылайык, даярдоо багытын , адистикти, жогорку окуу жайлардын тизмесин тандоо. (“Жеке маалымат” жана “Билдирме” бөлүмдөрүн толтуруу боюнча кеп-кеңештерди 1-тиркемеден караңыз).
  4. Керектүү документтердин скан-көчүрмөсүн тапшыруу (документтерге талаптарды 2-тиркемеден көрүңүз).

Кабыл алуу кампаниясы тууралуу бардык маалымат Кыргызстандагы Орусия кызматташтык агенттигинин сайтына жарыяланып турат (http://kgz.rs.gov.ru/ru).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>