Орусияда 23 жашка чейин төрөй элек кыздар аскер милдетин өтөөгө чакырылат

Орусияда 23 жашка чейин төрөй элек кыздар аскер милдетин өтөөгө чакырылат

Орусияда 23 жашка чейинки кыздар бала төрөбөгөн болсо аскердик милдетти өтөөгө чакырылсын. Мындай пикирин аталган мамлекеттин депутаты Виталий Милонов аскердик милдетти өтөө боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип жаткан учурда айтканын орус басылмалары жазып чыгышты.

«Аялдардын тагдырына – эне болуу жазылган. Бул аларга Аллах тарабынан берилген белек. Эгерде 23 жашына чейин бирөөнү сүйүп, андан балалуу болбосо аскердик милдетти өтөөгө чакырылсын. Аял түгөйүн издебейт, ал дагы башкасына жолугуп каламго деп жүрө берет. Эгерде аскер кызматын өтөөгө барса ошол жактан бирөөгө жолугуп, баш кошуп калышы мүмкүн.

Учурда айрым аялдар «феминизм» деп кыйкырышып, эркек менен тең укуктуулукту талашышат. Мына аялдар менен эркектерге тең укутуулугу, тең укутуулук жок!», — деп айтты депутат Милонов.

Орусиянын депутаты мындан тышкары мыйзам долбоорун эгерде аялдар ачык кийинип, чылым чегип, спирт ичимдигин ичип алып көчөгө баса турган болсо «административдик укук бузуу» деп саналсын дагы аларды «таш менен урууга уруксаат берилсин» деген толуктоо киргизилүүсүн сунуштады.

Бул мыйзам долбоору коомчулуктун сынына кабылып, учурда талаш-тартышты жаратууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>