Орусияда иштеп жүргөн 58 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Орусияда иштеп жүргөн 58 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Москвага иштөөгө кеткен Ош облусунун Өзгөн районунун 1961-жылы туулган тургуну К.С. жарым жылдан бери дайынсыз болуп жаткан. Анын жансыз денеси көмүлгөн жеринен табылганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маркум аял 2019-жылдын апрель айынан тарта байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жатканын айтып, анын кызы ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө  кайрылган.

«Өз алдынча издөө иштери жыйынтык бербей жатканын билдирген К.Т. аттуу кызы ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылган . Дайынсыз болуп жаткан аял Москвадагы дүкөндөрдүн биринде пол жуугуч болуп иштеп жүргөн», — деп жазылат маалыматта.

Маркумду издөө иштери ИИМ тарабынан жүргүзүлүп, 28-мартта Москванын Бирюлево районунда 58 жаштагы К.С. аттуу аялдын жансыз денеси табылып, өлүкканага жеткирилгени белгилүү болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө аялдын сөөгү көмүлүп кеткени маалым болуп, анын денесинде кандайдыр бир зордук- зомбулуктун белгилери байкалган эмес.

Маркумдун жакындарына сөөктү казып алууга жана «Жүк-200дү» мекенине алып кетүү үчүн тиешелүү документтер берилген. Бирок Орусиянын мыйзамына жана санитардык нормасына ылайык, жансыз денени кайрадан жерге берүү үчүн маркумдун көмүлгөнүнө бир жыл болушу шарт экени түшүндүрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>