Орусияда кыргызстандык жарандын күйүп калган дене калдыктары табылды

Орусияда кыргызстандык жарандын күйүп калган дене калдыктары табылды

Орусияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын күйүп калган дене калдыктары табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, октябрь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жана Элчиликке Ж.М. аттуу 44 жаштагы кыргызстандык аял кайрылып, 18  жаштагы Ж.Д. аттуу дайынсыз жоголгон уулуна издөө жүзгүзүүгө жардам сураган.

Анын уулу 2019-жылдын август айында Орусияга барып, Тверь облусундагы Иваньков суу сактагыч аралдарындагы базарда күзөтчү болуп ишке кирген.

Бул факты боюнча Тверь облустук полициясы издөө иштерин баштаган.

Издөө жүрүп жаткан учурда Иваньков суу сактагыч аралдарындагы болгон өрттөн такталбаган адамдын күйүп калган дене калдыктары табылган.

Укук коргоо органдары Ж.Д. менен байланышта болгондорду сураганда, күбөлөр аны өрт чыккан жердеги иш ордунда көрүшкөнүн жана кайтып келбегенин билдиришкен.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн кийин өрт чыккан жерде табылган сөөктүн калдыктары молекулярдык-генетикалык экспертиза жиберилген. Экспертизанын жыйынтыгы менен сөөктүн калдыктары кыргызстандык аялдын уулунуку экени аныкталган.

Азыркы учурда тергөө органдарынан зарыл болгон документтерди туугандары алып, сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилип жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>