Орусияда жүрүү тартибин бузган тажикстандык 80 мигрант кармалды

Орусияда жүрүү тартибин бузган тажикстандык 80 мигрант кармалды

 Владимир шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда Орусияда жүрүү тартибин бузганы үчүн тажикстандык 80 мигрант кармалды.

Орусия бийлиги кармалган жарандар миграциялык мыйзамдарды бузганын жана депортацияланарын маалымдады. Кармалган мигранттар көбүнчө курулуш объектилеринде жана кампаларда иштешкен.

Тажикстан Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Иброхим Ахмад мекеме рейд учурунда кармалган жарандардын укугун коргой турганын билдирди:

«Эгер рейд учурунда мыйзамсыз кармоо фактылары аныкталса, биз мекендештерибизди коргоо үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бирок кармалгандар миграциялык мыйзамдарды бузган болсо, тилекке каршы эч нерсе кыла албайбыз. Мыйзам баарына бирдей», — деди ал.

Эки жыл мурун Орусиядан депортацияланган укук коргоочу Каромат Шарипов Орусияда тажик мигранттарын өлкөдөн чыгаруу кампаниясы күчөп жатканына тынчсызданууда. Анын айтымында, ай сайын Тажикстанга жүздөгөн мигранттар кайтарылууда. Алардын үчтөн бир бөлүгү Орусияга кайра кирүү укугунан ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>