Орусияда жетекчисин өлтүргөн кыргызстандык 10 жылга камалды

Орусияда жетекчисин өлтүргөн кыргызстандык 10 жылга камалды

Орусияда 28 жаштагы кыргызстандык Гайратбек Улмасов жетекчисинин өлүмүнө күнөөлү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Иркутск облусунун тергөө комитети билдирди.

Тергөө менен сотто аныкталгандай, Улмасов 2018-жылдын 28-октябрга караган түнү «Трейд Экспорт» ишканасынын короосуна кирген. Андан соң ал өзүнүн мурдагы жетекчисин металь түтүк менен бир нече жолу башка урган. Маркум алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Айыпталуучу бир нече күндөн кийин Орусиянын аймагынан чыгып кеткен. Андан кийин ага издөө жарыяланган.

Тергөөчүлөр окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, мээлей, бет кап жана кан болгон темир түтүктү табышкан.

Бат кап жана мээлей сатылган дүкөндүн видобайоосуна түшүп калган тасмалар да алынган. Анда айыпталуучунун ишкананын аймагына киргени жана бир нече убакыттан кийин андан чыгып, качып кеткени жазылып калган.

Шектүүнү милиция кызматкерлери Новосибирск аэроптортунан мекенинен кайтып келген учурда кармашкан. Учурда айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги абакта өтөп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>