Орусияда жол кырсыгына кабылган 3 кыргызстандыктын абалы оор

Орусияда жол кырсыгына кабылган 3 кыргызстандыктын абалы оор

Орусияда кырсыктаган кыргыз жарандарынын абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Москва облусунун Мытищи шаарындагы унаа кырсыгында төрт кыргызстандык жабыркады. Унаанын айдоочусу кыргыз жараны болгон. Ал рулду башкара албай жол четинде токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Кырсыкка уучураган унаада дагы 3 кыргызстандык болгон. Алар ооруканага жаткырылды.

Элчилик айдоочунун абалы туруктуу, ал эми калган үч жаран оор абалда экенин кабарлады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>