Орусияда жыгач үйлөрдүн биринде өрттөнүп кеткен өзбекстандык 10 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди

Орусияда жыгач үйлөрдүн биринде өрттөнүп кеткен өзбекстандык 10 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди

Орусиянын Томск облусундагы жыгач үйлөрдүн биринде өрттөнүп кеткен өзбекстандык 10 мигранттын сөөгү 26-январь күнү эртең менен Ташкентке жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Өрт учурунда 12 киши мерт болгон, алардын бири – Орусия жараны. Дагы бир адамдын сөөгү ДНК экспертизасынан өтүп жатат.

Өрт Причулымский айылындагы жыгач үйдө чыккан. Томск облусунун бийлиги имарат киши жашоо үчүн эмес, өндүрүшкө ылайыкташылганын билдирген.

Жыгач иштетүүчү жайды кытайлык «Грин Вуд» компаниясы ижарага алып иштеткен. Ал жерде Өзбекстан, Кытай жана башка өлкөлөрдүн жарандары эмгектенген. Өзбекстандын Орусиядагы башкы консулдугу билдиргендей, «Грин Вуд» компаниясынын директору кармалды.

Мерт болгон бардык өзбекстандыктар Орусияда жумуш иштөө үчүн патент алышкан.

Орусиянын Тергөө комитети бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун, өрттүн себеби иликтенип жатканын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>