Орусиядагы мигранттар эми Call-борбордон кыргызча маалымат алса болот

Орусиядагы мигранттар эми Call-борбордон кыргызча маалымат алса болот

Орусияда мигранттар үчүн Call-борбор ачылды. Эми адистер кыргызча сүйлөйт. Бул тууралуу Мигранттардын федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Орусияда мигранттарга жардам көрсөтүү үчүн Call-борбор ишке кирди.  Аталган борбор кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилинде иш жүргүзөт. Борбордун адистери аларга кайрылган ар бир адамды угуп юридикалык консультация беришет.

Ошондой эле адистерге мигранттар медициналык жардам, ижарага үй алуу, иш учурунда жаракат алып калганда, документтерди жоготкондо кайда кайрылса болорун жана башка бир катар маселелер боюнча кайрылууга болот.

Кеңеш берүү борбору иш күндөрү саат 8.00дөн 23.00гө чейин, дем алыш күндөрү 9.00дөн 21.00гө чейин иштейт. Байланыш номурлары: +7 (495) 778-3288, +7 (963) 997-4210, +7 (926) 130-7500.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>