Орусиялык дарыгер коронавирус кантип жугарын айтып берди

Орусиялык дарыгер коронавирус кантип жугарын айтып берди

Орусиялык дарыгер COVID-2019 коронавирусу башка вирустарга салыштырмалуу алсызыраак экенин жана ал кантип жугарын айтып бергенин “sputnik.kg” жазды.

COVID-2019 коронавирусу башка вирустарга салыштырмалуу алсызыраак келип, адамдар тыгыз байланышта болмоюнча көп жуга бербейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын эмгек сиңирген дарыгери, Европанын гастроэнтерологдор ассоциациясынын мүчөсү Алексей Яковлев айтып берди.

Анын түшүндүргөнүнө караганда, коомдук жайларда коронавирус жуктуруп алуу тобокелдиги азыраак.

«Бир адамдан экинчи адамга жугуш үчүн алар жабык бөлмөдө, бири-бирине абдан жакын отурушу керек. Же оорулуу адамдын каны, шилекейи же мурдунун суусу тийген жерди башка киши кармап, ошол замат колун оозуна, мурун көңдөйүнө же көзүнө тийгизген учурда вирус жугуп калат», — деди дарыгер.

Ал эми оорулуу адам чүчкүргөн учурда шилекейи териге гана тийсе, вирус жуктуруу коркунучу абдан эле төмөн экени айтылды.

Эске салсак, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрь күнү ДСУга Хубэй аймагындагы белгисиз пневмония дарты жөнүндө маалымат берген. Адистер ооруну 2019-nCoV коронавирусу козгогонун аныкташкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>