Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен Иерусалимге барды

Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен Иерусалимге барды

Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен Иерусалимге барды. Орус лидери Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана президенти Реувен Ривлин менен жолугат.

Андан соң Путин Ленинград блокадасынын баатырларынын элесине арналып тургузулган эстеликтин ачылышына катышып, «Освенцим» концлагеринин бошотулгандыгынын 75 жылдыгына арналган форумда сүйлөйт.

Мындан тышкары сапардын алкагында Путин Орусияда соттолгон Израилдин жараны Наама Иссахардын апасы менен жолугууну пландоодо. Иссахар өткөн жылы апрелде Москва аэропортунда кармалып, сумкасынан тогуз грамм гашиш табылган. Ал маңзат аткезчилиги айыбы менен жети жылга эркинен ажыратылган. Бирок Иссахар бул айыптарды четке кагууда. Айрым басылмалар Путин сапардын алкагында ага ырайым бере турганын билдиришүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>