Орусиянын жеңил атлетчилери дүйнө чемпионатына катыштырылбайт

Орусиянын жеңил атлетчилери дүйнө чемпионатына катыштырылбайт

Орусия курамасы экинчи жолу катары менен жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Дүйшөмбүдө Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика федерациясынын(IAAF) аткаруу комитети кызытма жаңжалына байланыштуу орусиялык атлеттерге киргизилген чектөө мөөнөтүн узартты.

Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик (ВАДА) орус атлеттери допинг колдонгону тууралуу далилдерди тапкандан кийин, Бүткүл орусиялык жеңил атлетика федерациясы 2015-жылы ноябрда мелдештерден четтетилген. Орусиянынн жеңил атлетика боюнча курамасы 2016-жылы Олимпиада оюндарына жана 2017-жылы дүйнө чемпионатына катыштырылган эмес. Кызытма колдонбогонун далилдей алган айрым орусиялык атлеттер гана бейтарап туунун алдында мелдештерге жолдомо алган.

Орусиялык жеңил атлеттер гана эмес, спорттун башка түрлөрүнүн өкүлдөрү да 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынан четтетилиши ыктымал. Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик (ВАДА) Орусияны ушул жылдын башында «допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген» деп күнөөлөп жатат.

Бул тууралуу Токиодо 23-сентябрда ВАДАнын аткаруу комитетинин жыйынында айтылды. Анда РУСАДАнын Москвадагы лабораториясында кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтенип жатканы, буга байланыштуу Орусия үч жуманын ичинде түшүндүрмө бериши керектиги белгилүү болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>