Ош базарында адам өзүнө бензин чачып өрттөнгөнү жатат — видео

Ош базарында адам өзүнө бензин чачып өрттөнгөнү жатат — видео

Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги Ош базарында белгисиз адам өзүнө бензин куюп өрттөгөнү жатат. Бул видео Фейсбуктагы ОО Антитеррор группасына жарыяланды.

Видеодо көрүнүп тургандай өзүнө бензин куюп өрттөгөнү жаткан адам бийик жерге чыгып алган, ал жанына эч ким жолобоосун талап кылууда. Эгерде кимдир бирөө жанына келе турган болсо ширенкени жагып ийерин айтып коркутууда.

Ал эми жанына чогулган адамдар мэрдин келишин талап кылып жатышат. Мындай кырдаал эмне себептен болуп жаткандыгы азырынча белгисиз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>