Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Бүгүн, 24-январда саат 13:09да Тажикистандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталып, Кыргызстандын аймагында дагы сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай раонунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>