Ош ОИИБ: Эшектин эти тамакка кошуу үчүн даярдалууда делген маалымат жалган

Ош ОИИБ: Эшектин эти тамакка кошуу үчүн даярдалууда делген маалымат жалган

Социалдык тармактарда тарап жаткан, эшектин эти тамакка кошуу үчүн атайын даярдалууда делген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маалыматтарды тактоо үчүн Ош облустук милициясы тиешелүү мекемелер менен биргеликте, Мады айыл аймагына текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерүү учурунда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан «Береке Мойнинг» аталыштагы ишканасында, болжол менен 1000 ге жакын эшек багылары белгилүү болгон.

Аталган фирма Бишкек шаарынын тургуну Медет Сапаралиевке караштуу. Ал эми короону «Гром» жеке кайтаруучу агентство кайтарууга алган. Жер менен короо Кожомкулов Рамазанга караштуу. Ал бул короону ижарага берген.

Облустук милициядан билдиришкендей ижарага берген аталган короодо эшектерди союп этке таркаткан фактылар аныкталаган эмес.

«Социалдык тармактарда жарыяланган  видеотасмада эшектер кармалып турат деген жайда кар жааган мезгили сүрөтөлөт. Азыркы кезде эшектер кармалып турган жерде жыл башынан бери  кар жаай элек. Иликтөө учурунда соцтармакта таркаган видеотасма 2015-жылы тартылганы такталды. Ал эми белгисиз жаныбардын ичегилери жана ич эттери турган сүрөт башка жакта тартылган фото экендиги тастыкталды. Учурдагы эшек кармаган жайда сүрөттөгү көрүнгөн арткы фонддор жок.Видеотасма башка жакта ал эми фото сүрөт башка жакта тартылган. Соц тармакта таркатылган маалымат чындык  катары өз далилин тапкан жок. Соц тармактагы жалган маалыматты таркаткан жаранды тактоо боюнча тийиштүү кызматкерлер тарабынан ыкчам иш чаралар жүргүзулүүдө», — деп жазылат маалыматта.

https://www.youtube.com/watch?v=zHnkzXOCxJA&feature=emb_logo

Белгилей кетсек, соңку күндөрү Facebook жана Whatsapp түйүндөрүндө Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында мал сарайда эшектердин кармалып тургандынгы жана алардын эти тамакка кошуу үчүн  даярдалууда делген видеотасма тарап кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>