Ош шаарында 78 мечит дезинфекцияланды

Ош шаарында 78 мечит дезинфекцияланды

Ош шаарынын аймагында коронавирустун алдын алуу максатында мечиттерде жана коомдук транспорттордо дезинфекциялоо иштери жүрдү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, дезинфекциялоо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан жүргүзүлгөн.

“Ош шаарындагы 78 мечитте, 3 медресе, 14 намазканада, 4 диний окуу борборунда, 6 диний коомдук уюмдар дезинфекцияланды. Мындан сырткары тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча даярдалган плакаттар мечиттерге таркатылып берилди”, — деп жазылат маалыматта.

“Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлүп, имамдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.

Мындан сырткары, автобус жана троллейбустар дезинфекцияланып, андан соң коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча даярдалган плакаттар илинген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>