Ош-Тазалык ишканасына жаңы техникалар тапшырылды

Ош-Тазалык ишканасына жаңы техникалар тапшырылды

Ош-Тазалык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган жаңы техникаларды тапшырылды. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын баса сөз кызматы кабарлады.

Тапшыруу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары жана Ош-Тазалык ишканасынын кызматкерлери катышты.
Шаар мэри жаңы техникаларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

“Ош-Тазалык ишканасынын техникаларынын эскилиги жеткенин эске алып, өзүбүздүн күчүбүз менен жаңы техникаларды алдык. Эми шаардагы тазалыкты жаңы техникалар менен тейлейбиз. Бул албетте толук жетиштүү эмес. Жакынкы айларда Европадан да жаңы техникалар келет. Мындан тышкары эскилиги жеткен таштанды таштоочу контейнерлер да жаңыланат. Бул жасалып жаткан иштердин баары Ош шаарынын тазалыгы үчүн. Тазалыкта иштеген кызматкерлерге да өзгөчө көңүл бурулат”, — деди шаар мэри.

Ош-Тазалык ишканасынан кабарлагандай, ири суммада Оштун жергиликтүү бюджетинен биринчи жолу техника алынууда.

Бүгүн Ош-Тазалык ишканасына 13, муниципалдык менчик башкармалыгына 1, шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгына 1 жаңы техника тапшырылды. 30 млн сомдон үнөмдөлгөн каражатка таштанды таштоочу контейнерлер жасалууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>