Ош жана Жалал-Абад облустарында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош жана Жалал-Абад облустарында  4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында болгон жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетти. ӨКМдин Сейсмология институна таянуу менен берген маалыматына ылайык, жер титрөө бүгүн, 9-июлда саат 01:51де катталган.

Жердин силкиниши Ош облусунун Өзгөн районунун бир нече айылында жана Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында жана Сузак районунун бир нече айылында 2 балдан 4 балга чейин жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>