Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралу Сейсмология институтуна таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Жалал-Абад облусундагы  күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө 8-декабрда саат 13:07де катталган. Сузак районунун Орток айылында 2,5 жана Сай айылында 2 баллга чейин сезилген

8 -декабрь күнү саат 23:40та Ош облусунун аймагындагы  жер титирөөнүн  күчү 4 баллга чейин жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Күлчү, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>