Ошто 15 жаштагы өз кызын зордуктаган жаран аталык укугунан ажыратылды

Ошто 15 жаштагы өз кызын зордуктаган жаран аталык укугунан ажыратылды

Жубайын төрөтканага жеткирип, өз кызын зордуктаган жаран аталык укугунан ажыратылды. Мындай чечимди Ош облусунун Ноокат райондук соту кабыл алганын жергиликтүү «турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 1970-жылы туулган О.Б.Т. аттуу жаран аталык укугунан ажыратуу жөнүндөгү жарандык иши каралды. Ноокат районунун прокурорунун милдетин аткаруучу сотко доо арыз менен кайрылган. Анын арызында көрсөтүлгөндөй, Бактияр 2018-жылдын август айында жубайын тѳрѳт үйүнѳ жеткирип, үйүнө келгенден кийин түн ичинде мас абалында ѳзүнүн 2004-жылы туулган кызын уктап жаткан жеринен тургузган. Андан соң, Баткен облусундагы шаарлардын бириндеги темир жолдун жанына алып барып, күч колдонуп жыныстык катнашка барган. Андан кийин 2019-жылдын январь айынан апрель айына чейин жубайы үйүндѳ жок учурда кызынын алсыз абалынан пайдаланып, аны менен бир нече жолу жыныстык катнашта болгон.

Соттук отурумда доогер, Ноокат районунун прокурорунун ишенимдүү ѳкүлү Бактияр Ноокат райондук сотунун 2019-жылдын 24-июлундагы ѳкүмү менен 20 жылга эркиндигинен ажыратылганын айтып, эми аны аталык укугунан ажыратууну суранды.

Ноокат райондук соту доогер, Ноокат районунун прокурорунун милдетин аткаруучунун доо арызын канааттандырып, О.Б.Т аттуу жаранды аталык укугунан ажыратты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>