Ошто 20 жаштагы кыз жогорку кабаттан кулап каза болду

Ошто 20 жаштагы кыз жогорку кабаттан кулап каза болду

Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 20 жаштагы кыз кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, окуя 6-декабрь күнү болгон.

Кыз кокусунан кулап кеткен, кырсык болгон жерге «Тез жардам» кызматы келип жабырлануучуну ооруканага алып кеткен. Жабырлануучу алган жаратынан улам ооруканада каза болгон.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кокустук» катары катталып, кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>