Ошто 283 миң сом пара талап кылган электриктер кармалды

Ошто 283 миң сом пара талап кылган электриктер кармалды

«Ошэлектро» ишканасынын кызматкерлери 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамилекеттик комитети билдирет.

Такталгандай, аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусунан “электр энергиясын уурдадың” деп 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Шектүүлөр Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери жана «Ошэлектронун» текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору болгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары бирдиктүү реестрге катталып, төргөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>