Ошто ата-энеси менен эс алууга чогу барган бир туугандар сууга чөгүп каза болду

Ошто ата-энеси менен  эс алууга чогу барган бир туугандар сууга чөгүп каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы эс алуучу жайлардын биринде 2 бир тууган сууга чөгүп кетти. Окуя 28-сентябрда болгон. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен 4 жана 6 жаштагы  балдар  ата-энеси менен бирге эс алууга келишкен. Алар бассейиндин жанында ойноп жатып сууга чөгүп кетишкен. Окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматы чакыртылган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми балдардын ата-энелери медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты.

Бирок тез жардам кызматы жеткенге чейин эле ага-ини чарчап калышкан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>