•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Ошто эки унаа сүзүшүп, кырсыктан бир адам каза болду

Кечээ, 24-июлда Ош шаарында саат 18.00 чамасында жол кырсыгынан бир адам көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү кичиавтобус кагышкан. Кырсыктан “Дэу-Тико” унаасындагы 3 адамдын бири 25-30 жаштардагы жүргүнчү каза тапкан.

Окуя боюнча учурда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *