Ошто инспекторлор жетекчиликке берүү үчүн айдоочулардан акча алышабы?

Ошто инспекторлор жетекчиликке берүү үчүн айдоочулардан акча алышабы?

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору айдоочулардан алган акчасын жетекчилерине берүүдө. Ушундай аталыш менен  социалдык тармактарда видео тарап жатат.

Видеону интернетке жүктөгөндөр: “Ош облусунун Жол коопсузудк кызматынын башчылары жумуш күндүн алдында айдоочулардан акча жыйноо боюнча палан коюшат. Эгер инспектор планды аткарбаса анда аны өз чөнтөгүнөн төлөөгө мажбурлашат. Мындан улам гаишниктер акча алышат. Анткени алардын айлыгы 10 миң сом”, — деп жазышкан.

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев бул видео боюнча төмөндөгүлөрдү айтты.

“Видеону биздин жетекчилик көрүп, кызматтык иликтөө баштаган. Видеодогу инспекторлор аныкталып алар өз көрсөтмөлөрүн беришиүүдө. Негизи видео кечээ же бир жума мурун тартылган эмес. Ал август айында тартылган. Ал убакта биздин бир инспектор жол кырсыгына кабылып, бардык кесиптештер акча чогултуп бергенбиз, бул ошондогу учур. Ошентсе да ИИмдин ички иликтөө кызматы бул боюнча иликтөө жүргүзүп, укуктук баа берет”, — деди Теңизбаев.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>