Ошто күйөөсү УКМКда иштей турганын айтып, милицияларды коркуткан аялдын өздүгү аныкталды

Ошто күйөөсү УКМКда иштей турганын айтып, милицияларды коркуткан аялдын өздүгү аныкталды

УКМК өздүк коопсуздук кызматы блокпост аркылуу өтүү аракетин көрүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жолдошум УКМКда иштейт деп коркуткан фактысы боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Окуя кечээ, 31-мартта Ош шаарынын өткөрмө пунктарынын биринде 15:00 чамасында орун алган.

«Азыркы учурда аял кишинин өздүгү такталды. Ал КР УКМК Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пукнтунда жарым күндүк ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Аманов Гамилдин аялы болуп чыкты. 2020-жылдын 1-апрелинен тарта дарыгер менен келишим бир тараптуу токтотулду.

Материалдар КР кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Учурда аталган иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаал режимин бузган тараптар үчүн КРнын мыйзамдарынын чегинде жаза колдонулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>