Ошто көчөдөн табылган эки жашар кыздын жакындары изделүүдө

Ошто көчөдөн табылган эки жашар кыздын жакындары изделүүдө

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан табылган 2 жашар кыздын жакындары изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, эвропа түспөлүндөгү жаш кыз 29-декабрь күнү Навои көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрү кесилишкен жердеги үйлөрдүн алдынан табылган.

Кызды көрүп калган жашоочулар «Тез жардамга» кабарлап, андан соң милицияга маалымат беришкен. Учурда ал реаблитациялык борбордо адистердин көзөмөлүндө.

Аталган факты  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кыздын ата-энеси жана жакындары изделүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>