Ошто кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү зордуктоого шектелүүдө

Ошто кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү зордуктоого шектелүүдө

Ошто 23 жаштагы жигитти учтуу нерсе менен сайды деп кармалган, кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен таанылган адам зордуктоого шектелүүдө.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, шектүүнүн үстүнөн арыз жазган тургун 16 жашар кызын “Казак” күч колдонуп, Ош шаарындагы Манас-Ата кичирайонунда зордуктап койгонун айткан.

Учурда бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен белгилүү 39 жаштагы М.У. аттуу адамдан жабыр тарткандар болсо-03222-2-46-78 номери аркылуу кайрылууну суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>