Ошто коронавируска чалдыкканын жашырып, башкаларга жугузуп жүргөн адамга иш козголду

Ошто коронавируска чалдыкканын жашырып, башкаларга жугузуп жүргөн адамга иш козголду

Ош облусунда бир адам коронавирус жуктуруп алганын жашырып, туугун-туушкан, теңтуштары менен катышып жүрө беген. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифинг учурунда билдирди.

Коменданттын айтымында, ал амдага кылмыш иши козголгон. Ооруканадан чыкса камалат.

“Анын досторунун, кесиптештеринин арасынан да коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголгон адам изоляцияда жатат. Жакшы болуп калары менен камалат. 5 жылга чейин камоо жөнүндө берене бар”, — деди Нурдинов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>