•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ВИДЕОЖАҢЫЛЫКТАР

Ошто күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп жатат

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы “Петролеум” май куюучу жайында күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт тууралуу маалымат саат 22:23 чамасында түшкөн. Учурда тилсиз жоо менен жалпы 6 өрт өчүрүү бөлүмү күрөшүп жатат.Саат  23:09да өрт чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Социалдык тармактын колдонуучулары болсо “Петролеум” май куйуучу жайы күйүп жатканын айтышууда.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *