Ошто мыйзамсыз ташылып келген 10 тоннага жакын жүзүм кармалды

Ошто мыйзамсыз ташылып келген 10 тоннага жакын жүзүм кармалды

Ош облусунда “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан өлкө аймагына мыйзамсыз алынып келген жүк табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Такталгандай, унаанын жүк бөлүгүндө жалпы салмагы 9 миң 464 килограмм жүзүм болгон жана айдоочуда жүктүн мыйзамдуу экендигин тастыктаган эч кандай документ болгон эмес.  

Кармалган товардын  болжолдуу жалпы наркы 664 580 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>